25.05.2018 11:53

Эми салык органдары маалымкат же документтерди берүүдө веб-камераларды колдонушат

Эми салык органдары маалымкат же документтерди берүүдө веб-камераларды колдонушат

Салык органдары маалымкат же документтерди берүүдө веб-камераларды колдонушат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын “Бирдиктүү терезеде” маалымкат же документтерди берүү учурунда веб-камера колдонууну киргизүүдө.

Веб-камералар фискалдык орган тарабынан ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товар импорттоо үчүн салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жөнүндө жана салык карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды жана документтерди берүүдө контролду күчөтүү максатында колдонулат.

“Бирдиктүү терезенин” кызматкери, веб-камераны колдонуу тартибине ылайык, салык органына кайрылган салык төлөөчүнү сүрөткө түшүрүү жана сактоо жолу менен, берилип жаткан маалымкаттын/документтин каттоо номери жана убактысына дал келген каттоо номерин жана убактысын көрсөтүү менен колдонот.

Салык төлөөчү веб-камерага сүрөткө түшүүдөн баш тарткан учурда, ал жазуу түрүндөгү баш тартууга кол коёт.

Эскерте кетсек,“Бирдиктүү терезеден” комплекстик түрдө салыктык кызматтар көрсөтүлөт, анын ичинде маалымкаттарды, патенттерди берүү жана мөөнөтүн узартуу, ошондой эле, отчетторду, эсептөөлөрдү, декларацияларды берүү.